Кыргыз тили - "Аты жок".mp3 / Забони қирғизӣ - "Беном".mp3

3:36
 
分享
 

Manage episode 340511187 series 3367948
由Player FM以及我们的用户群所搜索的Tajiskstan Words of Life 1 — 版权由出版商所拥有,而不是Player FM,音频直接从出版商的伺服器串流. 点击订阅按钮以查看Player FM更新,或粘贴收取点链接到其他播客应用程序里。

Кыргызский язык - "Без названия".mp3 / Qirg'iz Tili - "Nomsiz".mp3 / Kyrgyz Language - "Untitled".mp3 //
Жакандын Жакшы Кабары 1
1 Адегенде Сөз болгон, Сөз Кудайда болгон жана Сөз Кудай болгон. 2 Сөз башынан эле Кудай менен болгон. 3 Кудай баарын Сөз аркылуу жараткан жана жаратылган нерсенин бири да Ансыз пайда болгон эмес. 4 Сөз өмүрдүн башаты болгон. Ошол өмүр адамзатка жарыгын төктү. 5 Жарык караңгыда жаркырады, караңгы болсо жарыкты жеңе албады. 6 Кудай жиберген Жакыя аттуу бир адам болгон. 7 Ал Жарыкка күбө болуп, бардык адамдарды Ошого ишендирүү үчүн келген. 8 Жакыя өзү Жарык болгон эмес, ал Жарык тууралуу кабарлоо үчүн гана келген болчу. 9 Ар адамга жарыгын төкчү чыныгы Жарык бул дүйнөгө келе жатты. 10 Ал Өзү бул дүйнөдө бар эле, дүйнөнү Ошол жараткан болчу, бирок дүйнөдөгүлөр Аны тааныбады. 11 Өзү тандаган элге келди, бирок алар кабыл алышпады. 12 Ал эми кабыл алып, Ага ишенгендердин баарына Кудайдын балдары болуу укугун берди. 13 Алар табигый жол менен же пенденин каалоосу менен эмес, Кудай аларга чыныгы өмүр бергендиктен гана Анын балдары боло алышты. Алар түп аталары ким болгонунан же адамдардын каалоосунан эмес, Кудай Өзү аларды балдары кылган. 14 Сөз адам болуп, арабызда өмүр сүрдү. Ошондо биз Кудай Атанын жалгыз Уулунун чексиз улуулугун көрдүк. Кудайдын болгон ырайымы менен акыйкаты Анда эле. 15 Жакыя Ал жөнүндө мындай деп жар салды: «“Аркамдан келе жаткан менден улуу, анткени ал мен төрөлө электе эле бар болгон” деген кишим ушул». 16 Анын чексиз ырайымынан баарыбыз батанын үстүнөн батага ээ болуп келе жатабыз. 17 Муса пайгамбар аркылуу мыйзам берилсе, Ыйса Машаяк аркылуу ырайым менен акыйкат берилди. 18 Кудайды эч ким, эч качан көргөн эмес, Аны бизге Атасына эң жакын болгон жалгыз Уулу таанытты

151集单集